• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Түркиянын Кайсери шаарында Айтматовду эскеришти

Коом 0

Бишкек, 25.12.18. /Кабар/. “Жылдын ар бир күнү – Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү. Дүйнөлүк алкактагы Түрк дүйнөсүнүн сыймыктуу жазуучусу жөнүндө ушинтип гана айтууга болот. Андыктан Айтматовду кайсы күнү болсун эскерсе жарашат. Кайсериде улуу жазуучубузду чыныгы туулган күнү 12-декабрдан кеч калып эскерип жатышат деп ойлобогула,” – деп белгиледи Түркиянын Ергийес университетинин Түрк тили жана адабияты факультетинин деканы Хүля Аргунщах аталган университеттин жыйындар залында өткөн Айтматовду эскерүү конференциясында.

КРнын ТҮРКСОЙдогу өкүлү Кожогелди Кулуев билдиргендей, кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовду эскерүү иш-чарасы Кайсери шаарындагы Ергийес университети, баш кеңсеси Стамбул шаарында жайгашкан Түрк адабияты кору, баш кеңсеси Анкара шаарында жайгашкан ТҮРКСОЙ эл аралык уюму жана баш кеңсеси Кайсери шаарында жайгашкан Жаңы Горизонт коомдук уюму иш-бирлигинде уюштурулду.

Салтанаттын ачылыш бөлүгүндө Ергийес университетинин Түрк тили жана адабияты факультетинин деканы, профессор, доктор Хүля Аргунщах, Түрк адабияты корунун төрагасы, профессор, доктор Серхат Кабаклы, Казакстандын ТҮРКСОЙдогу өкүлү, доцент, доктор Аскар Турганбаев, “Жаңы горизонт” коомдук уюмунун башчысы, профессор, доктор Мустафа Аргунщах куттуктоо сөздөрүн айтышты.

Ергийес университетинде билим алып жаткан кыргыз студенттеринин күчү менен даярдалган Айтматовдун каармандарынын монологдору да кызуу кол чабуулар менен коштолду.

Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы жана өмүр жолу туурасында Чыңгыз Айтматовдун уулу, Кыргызстандын мурдагы Тышкы иштер министри Аскар Айтматов, Түркиянын Кастамону университетинин профессору Орхан Сөйлемез, Кыргызстандын ТҮРКСОЙдогу өкүлү, Кыргыз эл акыны Кожогелди Култегин, түркиялык жазуучу Имдат Авшар атайын докладдар менен чыгып сүйлөштү.

Үч саатка созулган Чыңгыз Айтматовду эскерүү жыйынына Ергийес университетинин окутуучуларынан жана студенттеринен тышкары Кайсери шаарынын тургундары да кызыгуу менен катышты.

Жыйын соңунда бир катар ишмерлерге “Жаңы горизонт” коомдук уюмунун “Түрк маданиятына өтөгөн кызматы үчүн” сыйлыгы тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий