• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Билим берүү министрлиги жарандардын ишеним индекси боюнча 3-сапка көтөрүлдү

Коом 0

Бишкек, 24.09.20. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлигине карата калктын ишеним индекси 37,3%га көтөрүлүп, 2020-жылдын 1-жарым жылдыгынын жыйынтыгы менен министрликтер арасында 3-сапка чыкты.

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 7%га жогорулаган.

2019-жылы министрлик калктын ишеним индекси боюнча акыркы 8 жылдагы эң жогорку көрсөткүчүн көрсөтүп, министрликтер арасында 7-орундан 4-орунга көтөрүлгөн эле. 2019-жылдын 1-жарымында 24,9% болсо (7-орун), 2019-жылдын аягына келип, көрсөткүч 30,5%га (4-орун) жогорулаган болчу.

Улуттук статистика комитети 2012 жылдан тартып системдүү түрдө 3,6 миң жаранды сурамжылоонун негизинде “Калктын ишеним индексин” түзөт. Жарандардын жоопторунун негизинде мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүн алардын сапатын, жарандар менен өз ара кызматташуусун аныкташат.

"Калктын ишеним индекси" 3 негизги индекстен турат:

  • жарандын мамлекетке болгон жеке ишеними;
  • жарандардын аткаруу бийлигинин органдарындагы коррупциянын деңгээли жөнүндөгү жеке түшүнүгү;
  • дийлик органдарынын ишмердүүлүгүн жумуштун сапатына жараша баалоосу.

Пикир

Оставить комментарий