• 88.68
  • 95
  • 0.95

Талас райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун реконструкциялоо иштерине 42,5 млн сом каржыланды

Аймак 0

Бишкек, 24.09.20. /Кабар/. Талас райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун реконструкциялоо иштерине 42 млн 500 миң сом каржыланды. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Талас районунун Көк-Ой айылындагы Үй-бүлөлүк медицина борборунун реконструкциялоо иштери 2019-жылдын август айында башталган. Объекттин тендердик наркы 47 млн 322 миң 986 сомду түзөт.

Капиталдык оңдоп-түзөө иштери башталгандан бери республикалык бюджеттен жана “Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөшүү” коомдук фонддун эсебинен жалпысынан 42 млн 500 миң сом каржыланды.

Ведомстводон билдиришкендей, объекттин жылытуу тармагы толугу менен алмаштырылды, электртутумдары кайрадан жасалып чыкты, суу өткөрүүчү жана канализация түтүктөрү орнотулду. Ошондой эле имараттын чатырын оңдоо жумуштары, эшик-терезелер алмаштырылды, ички тосмолор орнотулуп бүттү.

Учурда ички дубалдарды жасалгалоо жумуштары жүргүзүлүүдө жана полдорду стяжкалоо, кафель менен бетөө жумуштары жасалып, фасадды сырдоо жумуштары аяктап калды. Андан тышкары желдетүү тармагын калыбына келтирүү үчүн 200 куб метр септик орнотулду.

Белгилей кетсек, имараттын ичиндеги эски лифт демонтаждалып, ордуна жаңы лифт орнотулуп жатат жана өрттөн коргоо сигнализациясы коюлууда. Объектти толук кандуу суу менен камсыздоо максатында скважина казылып, сырткы суу түтүк тармактарын орнотуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий