• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Тарых музейин жана ат майданын оңдоп-түзөө иши: Кийинки отурум 19-ноябрда өтөт

Укук тартиби 0

Бишкек, 12.11.19. /Кабар/. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Тарых музейин жана Чолпон-Ата шаарындагы ат майданын реконструкциялоо иши боюнча кезектеги соттук отурум өтүүдө.

Сотто судья Марат Сыдыков төрагалык кылууда.

Күбөлөрдөн сурак алуу уланууда. Негизинен Тарых музейинин кызматкерлери көрсөтмө беришүүдө.

Айыпталуучу Сапар Исаков сотту жерине барып, имараттын абалын өз көзү менен көрүүнү суранган.

Судья бул маселе ачык бойдон калуусун жана баардык күбөлөрдөн сурак алынгандан кийин чечилээрин билдирди.

Кийинки отурум 19-ноябрь күнү өтөт.

Эскерте кетсек, УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы Мамлекеттик тарых музейинин реконструкциясы боюнча Сапар Исаковго КР Кылмыш кодексинин 303-беренесинин 2-бөлүгү (оор жагдайларды жараткан коррупция) боюнча айып таккан.

Мамлекетке жалпысынан 247 млн. сомдук зыян келтирилгени айтылат – тарых музейин оңдоп-түзөөдөн 101,6 млн. сом жана ат майданы боюнча 145,9 млн. сом.

Пикир

Оставить комментарий