• 88.68
  • 95
  • 0.95

ИИМ: Чүй облусунун жашоочусунун үйүнөн баңги лабораториясы табылды

Укук тартиби 0


Бишкек, 24.01.23. /Кабар/. Чүй облусунун жашоочусунун үйүнөн баңги лабораториясы табылды. Бул тууралуу ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынан билдиришти.

Кылмышты жасоого шектүү катары Чүй облусунун 63 жаштагы К.С. аттуу жашоочусу кармалды.

Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинде көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча козголгон иштин алкагында атайын тергөө амалдарын жүргүзүшкөн.

Кечиктирилгис тинтүү жүргүзүү учурунда К.С. үйүнөн алты даана үч литрлик, үч даана бир литрлик, бир даана жарым литрлик банка жана үч даана баштыкта салынган кургатылган кочкул-жашыл түстөгү кара куурайдай өзгөчө жыты бар зат табылып алынган. Алынган заттын жалпы салмагы 2,5 кг түзөт.

Мындан сырткары, баңгизаттарды даярдоо, таңгактоо, сатуу жана колдонуу үчүн жабдыктар табылган. Алар электрондук тараза, кайчы, 100 мл көлөмүндөгү 12 бөтөлкөдөгү спирт, үч даана скотч, баңгизатты колдонуу үчүн бульбулятор, баштыкта салынган аарынын мому, медициналык скальпель.

Кармалган жаран жана далил заттар Аламүдүн райондук милициясынын тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Мындан аркы ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий