• 87.42
  • 93.12
  • 1.14

Бажычылар 3 млн сомдук товарды жалган декларациялоо фактысын аныктады

226 кароо Укук тартиби 0

Бишкек, 25.01.23. /Кабар/. Бажычылар товарларды жалган декларациялоо фактысын аныктады. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Түштүк-Батыш бажысында “Volvo” үлгүсүндөгү унаа текшерүүгө алынган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө унаадан 100 даана декларацияланбаган сплит-система табылган. Кармалган товардын жалпы орточо базар баасы 3 млн сомду түзөт.

Аталган факты боюнча материалдар Ош облусунун прокуратурасына өткөрүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий