• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте инспекторлорго каршылык көрсөткөн айдоочуга 7,5 миң сом айып салынды

Укук тартиби 0


Бишкек, 24.08.22. /Кабар/. Бишкекте айдоочу үч инспектордун мыйзамдуу талабына баш ийбей, аларга каршылык көрсөткөн.

Милициянын кайгуул кызматынын маалымат катчысы Байказы Айтикул уулу «Кабар» агенттигине билдиргендей, кайгуулчулар кечээ болжол менен саат 13:00дөр чамасында Киев жана Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде жол эрежесин бузган «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү автоунааны токтотушкан. Бирок айдоочу кызматкерлерге баш ийбей качкан, инспекторлор аны Киев жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинен кысып токтотушкан.

«Унаанын 1994-жылы туулган Г.Н. аттуу айдоочусу токтоткон кезде кызматкерлерге каршылык көрсөтүп, бир-эки жолу тээп салган. Бирок жыйынтыгында айдоочуга карата баш ийбегендиги жана качуу учурунда жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 3 протокол толтурулуп, жалпысынан 7 миң 500 сом айып салынган. Айдоочусу Биринчи май райондук ИИБне жеткирилген», - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий