• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ошто кытайлык инвесторлор менен жолугушуу өттү

Аймак 0

Бишкек, 24.08.22./Кабар/. 23-августта Ош шаарынын биринчи вице-мэри Марс Исаев менен Кытай Эл Республикасынан келген бир катар инвесторлордун жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

КМШ өлкөлөрүндө “Foton” үлгүсүндөгү автобустарды сатуу боюнча директор Лю Гуанвэй менен жолугушууда Ош шаарында автобустарды чогултуу боюнча биргелешкен ишкана ачуу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргелешкен өндүрүштү өнүктүрүү боюнча кызматташуу маселелери талкууланды.

Ошондой эле Хэнань университетинин Жибек Жолу Кыргыз-Кытай институтунун аткаруучу директору Лян Чжянь Чжун менен жолугушуу болуп, анда Ош шаарында аталган университеттин факультетин ачуу, туризмди жана айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча кызматташуу маселелери тууралуу сөз жүрдү.

Ага улай Кытай темир жолунун биринчи тобунун Түштүк Азия өкүлчүлүгүнүн өкүлү Гай Цай менен саркынды суу системасын модернизациялоо, суу менен камсыздоо тутумдарына фильтрлерди орнотуу боюнча сунуштар жөнүндө талкуу болду.

Жолугушуунун соңунда тараптар пландалган долбоорлорду мындан ары өнүктүрүү жана ишке ашыруу үчүн тыгыз байланышта болууну макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий