• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Беларустан Кыргызстанга 137 жаран кайтарылды

Коом 0

Бишкек, 03.08.20. /Кабар/. Бүгүн, 3-август күнү Беларустан Кыргызстанга 137 жаран кайтарылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Бүгүнкү учак менен келген жарандардын тизмеси Европа мамлекеттериндеги КР жарандарын кайтаруу максатында Кыргызстандын Украинадагы элчилиги жана Кыргызстандын Европа мамлекеттериндеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрү тарабынан түзүлгөн. Кайтарылган жарандардын арасында Беларус, Австрия, Улуу Британия, Германия, Литва, Италия, Польша, Швеция, Финляндия, Украинада билим алган студенттер бар.

Министрлик чет жерде жүргөн Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча иштер уланып жатканын билдирет.

Пикир

Оставить комментарий