• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Белгилүү баскетболчу Коби Брайант 13 жашар кызы менен авиакырсыктан каза болду

Дүйнө 0

Бишкек, 27.01.20. /Кабар/. Америкалык баскетболчу Коби Брайант 13 жаштагы кызы менен 26-январда авиакырсыктан каза болду. Бул тууралуу Р-спорт басылмасы жазат.

Кырсык кечээ, 26-январда АКШнын Калабасас шаарында болгон.

Тик учактын ичинде тогуз адам болуп, баары көз жумган. Алардын ичинде баскетболчунун 13 жаштагы кызы Жанна Мария да болгон.

Коби Брайант 41 жашта болчу.

АКШнын президенти Дональд Трамп жана бир катар спортчулар маркумдун туугандарына көңүл айтышууда.

Белгилей кетсек, Коби Брайант АКШнын улуттук баскетбол ассоциациясынын беш жолку чемпиону болгон.

Пикир

Оставить комментарий