• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бердымухамедов «коммуналдык кызматтар үчүн төлөмдөрдү кайра карап чыгууну» буюрду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 26.09.18. /Кабар/. Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов Элдик кеңештин 25-сентябрдагы жыйынында коммуналдык кызматтарды төлөө маселесин көтөрүп, тарифтерге өзгөтүүлөрдү киргизүү керектигин айтты.

Мамлекеттик ТДХ маалымат агенттигинин кабарлашынча, өлкө башчы «өткөөл мезгилде калкка газды, электр энергиясын, сууну жана тузду бекер пайдалануу, ошондой эле коммуналдык кызматтар үчүн минималдуу тарифтерди белгилөө өңдүү бир катар жеңилдиктер берилгенин» билдирди.

«Бирок мезгил өзгөрүп жатат. Биз жаңы экономикалык шарттарда жашап жатабыз. Бүгүнкү күндүн талабы— жаратылыш ресурстарын натыйжалуу пайдалануу, коомдун, мамлекеттин жана ар бир жарандын жашоосун базар мамилелерине ыңгайлаштыруу. Бул маселелер алдын ала ойлонуп иш кылууну талап кылат. Учурда калктын кирешеси кыйла жогорулап, ар бир үй-бүлөнүн акча табуусуна кеңири мүмкүнчүлүктөр түзүлдү. Ошол эле маалда жаратылыш байлыктары азыркыларга гана эмес, келечек муундарга дагы кызмат кылышы керек. Буга байланыштуу газ, электр энергиясы, ичүүчү суу, ошондой эле турак-жай жана коммуналдык кызматтар үчүн төлөм жүргүзүүнүн негизделген системасын жолго коюу максатка ылайык болууда», — деп жазды мамлекеттик агенттик өлкө башчынын айткандарын.

Президент былтыр күзүндө бекер коммуналдык кызматтар жоюла тургандыгы жөнүндө айтканда дагы дал ушул эле сөздөрдү колдонгон. «Жеңилдиктер өлкө оор экономикалык абалда турганда киргизилген. Азыр болсо Түркмөнстанда жыл өткөн сайын калктын кирешеси көбөйүп жатканда, буга чейин бекер берилип келген социалдык жеңилдиктерге төлөм киргизүү мүмкүндүгү бар», — деген Бердымухамедов.

Пикир

Оставить комментарий