• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бердымухамедов Жапаровду жана Кыргызстан элин Жеңиш күнү менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 09.05.21. /Кабар/. Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 76 жылдыгы менен куттуктады. Бул тууралуу КР президентинин басма сөз кызматы билдирет.

«Жеңиш күнү — тынчтыкта жашоону, жакшы ниетти жана гуманизм идеяларын жар салган жаркын майрам. Мындай маанилүү күндө биз согуш талаасында бири-бирине дем-күч берип кайраттуулук менен салгылашкан жана бүткүл адамзаттын эркиндиги менен келечек муундун бактылуу турмушу үчүн тылда жан аябай эмгектенген жалпы баатырларыбызды терең урматтоо менен эскеребиз. Ата-бабаларыбыздын улуу эрдиктерин түбөлүккө сактоо биздин өлкөлөрдүн ортосундагы достук мамилелерди жана ар тараптуу кызматташтыкты мындан ары да чыңдоо үчүн бекем негиз болуп берерине ишенем», — деп айтылат Түркмөнстан Президентинин куттуктоосунда.

Гурбангулы Бердимухамедов Садыр Жапаровго жана Кыргызстандын бардык ардагерлерине чың ден соолук, күч-кубат, бакыт-таалай, ал эми боордош кыргыз элине тынчтык, бакубатчылык жана өнүгүү каалады.

Пикир

Оставить комментарий