• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Президент Бабанов тууралуу суроого жооп берди

Президент 0

Бишкек, 25.12.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик "Ала-Арча" резиденциясында өтүп жаткан жыл аягындагы жыйынтыктоочу маалымат жыйында Өмүрбек Бабанов тууралуу суроого жооп берди.

Ал белгилегендей, Өмүрбек Бабанов чоң саясатта, чоң бизнесте жүрдү.

"Жакында эле командировкада жүргөндө, партиянын съезди өтүп, ал жетекчиликти Мирлан Жээнчороевге өткөрүп бериптир деп уктум", - деди ал.

"Өзүңүздөр билесиздер, Өмүрбек Токтогулович өткөн президенттик шайлоодо мага башкы атаандаш болгон. Шайлоо аяктагандан кийин кандайдыр бир себептер менен өлкөдөн чыгып кетти. Бирок ага түшүндүрмө берди. Ал түшүндүрмөдө менин атымды дагы аралаштырганга аракет кылышты. Өмүрбек Бабановдун таржымалы чоң бизнес менен чоң саясаттын кызыкчылыгы аралашып кеткендигинин таза үлгүсү. Мурда иш козголгон экен. Экономикалык иштери бар экен. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Өзүнүн актыгын, чындыгын көрсөтсүн", - деди ал.

Ал эми, өткөн президенттик шайлоонун жүрүшүндө болгон теледебаттарда ал Бабановго 25 суроо берем деп айтканына байланыштуу суроого оюн билдирип жатып президент, суроолорду ал өзү берсе туура болбой каларын айтып, суроону тергөө берерин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий