• 88.68
  • 95
  • 0.95

Берлинде “Кыргызстандын жаратылыш байлыгы” темасында парламенттик кече болду

Коом 0

Бишкек, 30-март /Кабар/. Берлин шаарында Кыргызстандын Германия Федерациялык Республикасындагы элчилиги Германиянын жаратылышты коргоо коому менен биргеликте 2017-жылы 28-мартта Кыргызстан менен Германия парламенттеринин депутаттары, германиялык саясатчылар, эксперттер жана ишкерлердин катышуусунда “Кыргызстандын жаратылыш байлыгы” темасында парламенттик кече уюштурду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кече кыргыз-герман парламенттер аралык кызматташтыгын кеңейтүү, андан тышкары 2017-жылы 24-25-августта Кыргызстанда ак илбирс жана анын экосистемасын коргоо боюнча 2-Глобалдык форумду өткөрүүгө даярдык көрүүнүн алкагында өткөрүлдү.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүктүрүү комитетинин төрагасы А.Назаров, ГФР менен кызматташтык боюнча ЖКнын достук депутаттык тобунун жетекчиси А.Алтыбаева, КР Өкмөтүнө караштуу айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин директору А.Рустамов, КРнын ГФРдеги элчиси Э.Оторбаев, Германиянын жапайы жаратылышын коргоо биримдигинин федералдык аткаруу директору Л.Миллер катышты.

Кеченин алкагында туристтик стенд, андан тышкары Кыргызстандын агропродукциясынын бет ачары уюштурулду. Өкмөт тарабынан агрардык жана айыл чарба тармагында германиянын иш тажрыйбасы менен таанышып келүү максатында Кыргызстандын коопреативдеринин 2 өкүлүнүн иш сапары иштелип чыккан.

Пикир

Оставить комментарий