• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

«Бешинчи каналдан» парламенттик телеканал макамын алып салууга багытталган мыйзам долбоору 1-окууда каралды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 23.05.18. /Кабар/. Бүгүн, 23-майда Жогорку Кеңеш жыйынында “Бешинчи канал” жабык акционердик коому жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамын күчүн жоготту деп таануу тууралуу” мыйзам долбоорунун концепциясы каралды. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирет.

Демилгечи депутат Дастан Бекешевдин айтымында, «Бешинчи канал» телеканалынан парламенттик телеканал макамын алып салуу жана аны андан ары ишке ашыруу максатында иштелип чыккан. 2010-жылдын 20-майында Убактылуу Өкмөттүн декрети менен “Бешинчи канал” ЖАК уюштуруучусу болуп саналган “Жыйырма бешинчи кадр” ААК улутташтырылган. Өлкөдө башкаруунун формасы өзгөрүлгөндөн кийин Жогорку Кеңештин ишин чагылдыруунун зарылчылыгын эске алуу менен депутат И. Исаков тарабынан “Бешинчи канал” ЖАК жөнүндө” мыйзам долбоору демилгеленген, ал Кыргыз Республикасынын президентинин каршы пикирине карабастан кабыл алынган. “Бешинчи канал” ЖАК жөнүндө” мыйзам 2011-жылдын 21-октябрында күчүнө кирген.

Жогорку Кеңеш 2012-жылдын 29-июнундагы № 2255-V токтому менен мыйзамды жүзөгө ашыруу максатында Өкмөткө бир катар тапшырмаларды берген. Ошондон бери Өкмөт “Бешинчи канал” ЖАКга тийиштүү ченемдик укуктук актыларды демилгелеген жок. Мында парламент “Пирамида” телеканалы аркылуу онлайн режиминде көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн алды. Өз кезегинде, “Бешинчи канал” юридикалык жактан да, иш жүзүндө да парламенттик телеканал болгон жок. “Бешинчи канал” жабык акционердик коому жөнүндө” мыйзам актуалдуулугун жоготту жана бүгүнкү күндүн чындыгына жооп бере албайт. Мындан тышкары, Жогорку Кеңеш ишин чагылдыруу боюнча өзүнүн максатына иш жүзүндө жетишти. “Жогоруда айтылгандарга байланыштуу “Бешинчи канал” ЖАК жөнүндө” мыйзам күчүн жоготту деп таануу жана аны мыйзамдарга ылайык ишке ашыруу сунуш кылынган”,- дейт демилгечи.

Талкууда депутаттар КР Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусунан “5-канал” телеканалынын “Кырызтелекомдун" астындагы РПОРМТР ишканасына 85 млн сом карызы бар экенин жана башка жабдууларын тактады. Өкмөт кабыл алынган мыйзамды аткарбаганы - телеканалдын уюштуруучулук формасы аныкталбай, менчиктин ээси белгиленбегендиги сынга алынды. Тагыраак айтканда, Жогорку Кеңештин кабыл алган токтому өз маалында толук кандуу аткарылбагандыгы айтылды.

Маммүлк фондунун төрагасы Ринат Түлөбердиев фонддун дагы, Өкмөттүн дагы аталган телеканалды сактап калып, андан ары иштетүү кызыкчылыгы бар экенин маалымдады. Депутат Экмат Байбакбаев буга чейин өзүн-өзү багып келе жаткан каналды билим берүү каналына айлантууну сунуш кылды.

Талкуунун жыйынтыгында эл өкүлдөрү тарабынан айтылган сын-пикирлер мыйзам долбоорун 2-окууда сунуштоодо эске алынаары айтылып, мыйзам долбоору 1-окууда добуш берүүгө жиберилди.

Пикир

Оставить комментарий