• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бийлик өкүлдөрү Тогуз-Торо районунун тургундарынын көйгөйүн укту

Аймак 0

Бишкек, 13.09.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев, башкы прокурор Курманкул Зулушев, ички иштер министри Улан Ниязбеков жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн калк менен жолугушуусу уланууда.

Бүгүн Тогуз-Торо районунун тургундары менен жолугушуу болуп өттү.

Район аймактарынан чогулган тургундар жеке көйгөйлөрүн ооз эки жана жазуу түрүндө билдиришүүдө. Алар негизинен жеке бузулган укуктары, түрдүү адилетсиздиктер, социалдык көйгөйлөр, коррупциялык иштер, укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө байланыштуу маселелер тууралуу суроо-талаптарын узатышып, жетекчилик тарабынан тийиштүү жооп берилүүдө.

Башкы прокурор тарабынан айрым кайрылуулар жеринде чечилип, ал эми мөөнөт талап кылуучу арыз-даттанууларга кыска аралыкта мыйзам көрсөткөн чечүү убадасы берилди.

Жолугушууга Тогуз-Торо районунун 200дөн ашуун тургуну катышты.

Эске салсак, өлкө аймактарында эл менен жолугушуулар президенттин тапшырмасы боюнча өткөрүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий