• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Купешев Баткендеги Максат орто мектебинде окуу жылынын башталышына арналган иш-чарага катышты

Билим 0

Бишкек, 16.09.21. /Кабар/. Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Максат айылындагы Максат орто мектеби окуучуларга эшигин ачты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, окуу жылынын башталышына арналган салтанаттуу иш-чарага билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев, министрликтин статс-катчысы Калысбек Шадыханов жана облустук, райондук жетекчилер, мектеп мугалимдери жана окуучулар, ошондой эле айыл тургундары катышышты.

Министр окуучуларды жана мугалимдерди жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктап, баарына иштеги жана окуудагы зор жетишкендиктерди каалады.

"15-сентябрга карата мектептин капиталдык оңдоодон толук өткөрүлүп, кайрадан колдонууга берилгени айыл элинин жүрөгүн жылыткан саамалык болду", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий