• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Россия ЖОЖдорунда акысыз билим алуу үчүн сынак 2-мартка чейин уланат

Билим 0

Бишкек, 18.02.20. /Кабар/. Россия өкмөтү 2020-2021-окуу жылына карата Кыргызстандын жарандары үчүн бөлгөн гранттык орундарга документтерди кабыл алууну улантып жатат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлайт.

Маалыматка ылайык, билдирмелерди кабыл алууну Кыргызстандагы Россия кызматташтык агенттиги EDU.RS.GOV.RU порталында 2-мартка чейин жүргүзөт.

Билим берүү жана илим министрлиги эскертет: Россия кызматташтык агенттиги бюджеттик орундар үчүн гана талапкерлерди кабыл алууда, алар башка ортомчу уюмдар менен кызматташпайт. Кандайдыр бир сый акы үчүн анкетаны толтуруп берүүнү көздөгөн ортомчу же алдамчылардан этият болууга чакырабыз. Документтерди тапшыруу акысыз жана онлайн режимде жүрөт.

Талапкерлерди тандап алуу РФнын Илим жана жогорку билим берүү министрлигинин 2014-жылдын 28-июлундагы (№844 “РФ өкмөтү белгилеген квота боюнча чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдарды тандап алуу тартибин бекитүү”) буйругуна ылайык өткөрүлүүдө.

Квота боюнча окууга тандоо эки этапта жүргүзүлөт:

биринчи этапты Кыргызстандагы Россия кызматташтык агенттиги өткөрөт;

экинчи этапты РФнын Билим берүү министрлиги жогорку окуу жайлары менен чогуу өткөрөт.

Тандоо сынактарына катышуу үчүн эмне керек?

1. EDU.RS.GOV.RU порталында катталуу.

2. Жеке (папсорттук) маалыматтарды системанын талабы боюнча туура толтуруу.

3.Чет элдик жарандар үчүн Россияда билим алууга багытталган порталына ылайык, даярдоо багытын, адистикти, жогорку окуу жайлардын тизмесин тандоо. (“Жеке маалымат” жана “Билдирме” бөлүмдөрүн толтуруу боюнча кеп-кеңештерди 1-тиркемеден караңыз).

4.Керектүү документтердин скан-көчүрмөсүн тапшыруу (документтерге талаптарды 2-тиркемеден көрүңүз).

Кабыл алуу кампаниясы тууралуу бардык маалымат Кыргызстандагы Россия кызматташтык агенттигинин сайтына жарыяланып турат.

Пикир

Оставить комментарий