• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Билим берүү министри Европа Биримдигинин КРдагы өкүлчүлүгүнүн делегациясы менен жолукту

Билим 0

Бишкек, 04.11.20. /Кабар/. КР билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев 2020-жылдын 3-ноябрында Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн делегациясын кабыл алды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жолугушууда Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан "Билим берүү секторун реформалоо боюнча келишим" программасы боюнча Кыргыз Республикасы менен Европа Биримдигинин ортосундагы Финансылык келишимдин алкагында ишке ашырылган долбоор талкууланды. Бул каржылык келишим 2019-жылдан 2020-жылга чейин күчүндө. Келишим билим берүү секторун колдоо аркылуу бүткүл өлкөнүн бюджеттик колдоосуна багытталган.

Өлкө казынасына 2019-2021-жылдарга 35,76 млн евро өлчөмүндө гранттык жардам көрсөтүлүүдө. Элчи, Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Эдуард Ауэр долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүн жана азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги көрсөткөн көрсөткүчтөрдүн жетишүү деңгээлин белгиледи. Ошондой эле ал өлкөдө киргизилген өзгөчө абалдан улам бир катар индикаторлордун аткарылышы коркунуч алдында калганына карабай, COVID-19 пандемиясына байланыштуу Европа Биримдиги үстүбүздөгү жылдын июль айында экинчи траншты толугу менен которууну чечкенин айтып өттү.

Министр министрлик жана жооптуу кызматкерлер долбоордун керектүү көрсөткүчтөрүнө өз убагында жетишүү үчүн тийиштүү иштерди жүргүзүп жаткандыгын айтты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ошондой эле Европа Биримдигинин өлкөлөрүнөн тышкы эксперттик жардамды тартуу зарылдыгы менен өлкөдөгү билим берүү тармагында, анын ичинде жогорку кесиптик билим берүү жаатында жүргүзүлүп жаткан реформалар боюнча пикир алмашышты.

Пикир

Оставить комментарий