• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Билим берүү министри "Маариф" фондунун жетекчилиги менен жолугушту

Билим 0

Бишкек, 12.05.21. /Кабар/.10-майда КР Билим берүү жана илим министрлигинде министр Болотбек Купешев Кыргызстанга иш сапары менен келген Түркиядагы "Маариф" фондунун жетекчилиги менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушууга Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган катышты. "Маариф" фондунун атынан фонддун башкармалыгынын төрагасы, профессор, доктор Бирол Акгюн, Фонддун Камкорчу кеңешинин мүчөсү, профессор, доктор Жихад Демирли, ошондой эле фонддун өкүлү Хусню Бирджан катышты.

Түрк делегациясы КР Билим берүү жана илим министрлигине Бишкекте "Маариф" фондунун жалпы билим берүүчү мектептерин ачуу маселесинде кызматташып, колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди жана жаңы окуу жылына карата бардык даярдык иштери жүрүп жатканын, жалпы аянты 11 000 чарчы метрди түзгөн мектептин кампусунун аянтында 61 класс тийиштүү жабдуулар менен камсыздаларын маалымдады.

Белгилей кетсек, бул мектепте окутуу Кыргызстан жана Түркиянын мамлекеттик стандарттары боюнча кыргыз, түрк, орус тилдеринде жүргүзүлүп, англис тили үйрөтүлөт. Тилдерден тышкары, табигый илимдерди (химия, физика жана биологияны, гуманитардык илимдерди, жаңы технологияларды жана маданиятты окуп-үйрөнүүгө багыт берилет.

Министрликтин жетекчилиги жаңы мектеп өлкөбүздөгү өсүп келе жаткан муунду тарбиялоого өз салымын кошот деген ишеничте келечекте да фондго жана мектептерге ар кандай колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий