• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Билим берүү министри Талас районундагы көмөкчү мектеп-интернатына барды

Аймак 0

Бишкек, 01.06.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев бүгүн, 1-июнда, иш сапары менен Талас облусуна барды.

Ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, алгач ал Талас районунун Кум-Арык айылындагы көмөкчү мектеп-интернатына кайрылып, интернаттын эмгек жамааты жана тарбиялануучулары менен жолугушту.

Министр интернаттын тарбиялануучуларын бүгүнкү майрамы - Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктап, министрликтин атынан мектепке акыркы моделдеги эки комплект компьютер белек кылды.

"Бардык кыргызстандыктарды, айрыкча, келечек ээлери болгон жаш муундарды бүгүнкү майрамы менен чын дилимден куттуктайм. Балдарыбыздын телегейи тегиз, келечеги кең болсун" - деди министр өз сөзүндө.

Ошондой эле министр интернаттын абалы менен таанышып, жеринде чечүүгө мүмкүн болгон айрым маселелерди жаңы окуу жылы башталганга чейин бүткөрүү боюнча облустук, райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилерине бир катар тапшырмаларды берди.

Атап айтканда, интернаттын жылытуу системасын калыбына келтирүү, имараттардын чатырын жаңылоо, уктоочу бөлмөлөрдү жаңы керебеттер жана төшөнчүлөр менен камсыздоо, китепкананы кыргыз тилиндеги окуу китептери менен толуктоо жана башка бир топ тапшырмалар берилди.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө аталагн интернатта 122 бала тарбияланат.

Пикир

Оставить комментарий