• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Билим берүү министрлиги: Быйыл 234 бүтүрүүчү артыкчылык аттестатын алды

Билим 0

Бишкек, 29.06.20. /Кабар/. Быйыл «Алтын тамга» сынагына 1250 талапкер катышып, 234 бүтүрүүчү (19%) артыкчылык аттестатына татыктуу экендигин тастыктады. Өткөн окуу жылында 182 бүтүрүүчү (17%) артыкчылык аттестатын алган. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Министрликтин чечимине ылайык, «Алтын тамга» жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясы санитардык-эпидемиологиялык талаптарды так сактоо менен (дене табын өлчөө, колдорду зыянсыздандыруу, жеке орундуктарды бири-биринен 1,5 метр аралыкта жайгаштыруу, талапкерлердин тыгынын алдын алуу үчүн тестке катышуу убакыттарынын графиктери) бардык облустук борборлордогу жана Бишкек шаарындагы тест ѳткѳрүү жайларында жүргүзүлдү.

Быйылкы жылдын өзгөчөлүгү – сынак реалдуу режимде планшеттер менен ѳткѳрүлдү. Талапкерлер тест тапшырып бүтөрү менен жыйынтыктарды дароо алып жатышты.

Пикир

Оставить комментарий