• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда аскердик окуу жайларга тапшыруу үчүн документтерди кабыл алуу жүрүүдө

Билим 0

Бишкек, 06.05.21. /Кабар/. Кыргызстанда 2021-2022-окуу жылына аскердик окуу жайларга тапшырууну каалаган абитуриенттердин документтерин кабыл алуу жүрүп жатат. Бул тууралуу КР Коргоо министрлигинин маалыматтык иштер башкармалыгы маалымдайт.

Аскердик окуу жайлардын тизмеси, бөлүнүп жаткан окуу орундарынын болжолдуу саны жана аскердик окуу жайларга тапшыруу шарттары жөнүндө маалымат Коргоо министрлигинин www.mil.gov.kg расмий сайтындагы «Билим берүү» бөлүмүндө жайгаштырылган.

Аскердик окуу жайларга тапшырууну каалагандар Коргоо министрлигинин расмий сайтындагы аталган бөлүмүндө онлайн каттоодон өтүп, андан кийинки нускама боюнча иш алып барышы керек.

Документтерди кабыл алуу үстүбүздөгү жылдын 20-майына чейин жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий