• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Билим берүү министрлиги "Teach for KG – Заманбап мугалим" фонду менен кызматташат

Билим 0

Бишкек, 23.03.23. /Кабар/. КР Билим берүү жана илим министрлиги жана “Teach for KG – Заманбап мугалим” коомдук фондунун ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

“Билим берүү дайыма социалдык чөйрө катары каралып келген. Бүгүнкү күндө экономиканын деңгээлин аныктоочу нерсе билим экенин түшүнүү маанилүү. Мектеп балдарды келечекте экономиканы заман талабына ылайык келе тургандай кылып даярдоосу керек”,- деди илим берүү министри Каныбек Иманалиев.

“Teach for All`дун” идеясынын негизинде мектептеги билим берүүнүн төмөндөгүдөй түшүнүк жатат:

Заманбап мектепте мугалим билимди гана берип тим болбоого тийиш. Эң негизгиси – өз окуучуларынын окууга болгон шыгын калыптандырууга, өзүнө болгон ишенимин пайда кылууга жана бат өзгөрүп жаткан дүйнөгө ыңгайланышуусуна көмөк көрсөтүү.

Заманбап мугалим ар кайсы тармактын адистери үчүн мугалимдик кесипке альтернативдүү жол менен киришүүнү сунуштайт. Жаш адистер, ошондой эле ЖОЖдун мыкты бүтүрүүчүлөрү курстан жана интенсивдүү профессионалдык кайра даярдоодон өткөндөн кийин эки жыл бою окуучулары өзгөчө шыктандыруучу мугалимдерге, ал эми коллективи жаңы кадрларга муктаж болгон катардагы аймактык мектептерде мугалим болуп иштешет. Программанын алкагында эки жыл бою мугалимдер куратордук, усулдук жана стипендиялык колдоого ээ болушат.

Программанын бүтүрүүчүлөрү мектептеги билим берүү тармагында өздөрүнүн долбоорлорун түзүп, илимий-изилдөө жана эксперттик иштерди жүргүзүү аркылуу мугалимдик карьерасын уланта алышат же билим берүү тармагын өнүктүрүүгө салым кошо алышат.

“Заманбап мугалим” алгач Чүй облусунда, кийин Кыргызстандын башка аймактарында да иштей баштайт. Быйыл билим берүү программасы иштелип чыгып, пилоттук мектептер менен иштөө башталат. Келечекте 2024-жылдын сентябрынан тарта билим берүү мекемелеринде иштей баштай турган программанын стипендиаттары тандалат.

Программанын узак мөөнөттүү максаты – Кыргызстандын билим берүү системасынын жаңылануусуна жана өнүгүшүнө түрткү бере ала турган таланттуу адистердин коомун түзүү.

Маалымат үчүн: “Teach for KG - Заманбап Мугалим” фонду билим берүүнүн сапатын жогорулатууга кызыкдар болгон көз карандысыз коомдук уюмдардын глобалдык түйүнү болгон Teach for All уюмунун Кыргызстандагы өкүлү (www.teachforall.org). Бүгүнкү күндө “Teach for All” дүйнө жүзү боюнча 66 өлкөдө ийгиликтүү иштеп келе жатат. Өткөн жылы аталган программа Борбор Азияда ишин баштады: “Teach for Qazaqstan” программасы ишке кирди, ал эми "Teach for Uzbekistan" программасы ачылуу алдында турат. Кыргызстанда “Teach for Kyrgyzstan” программасы даярдыктын алгачкы баскычында. 2023-жылы 22-мартта КР Билим берүү жана илим министрлиги менен “Teach for KG – Заманбап мугалим” коомдук фондусунун ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду. Бул “Teach for All” программасынын методун биздин өлкөнүн билим берүү стандарттарына ылайыкташтыра баштоого мүмкүндүк берет.

Пикир

Оставить комментарий