• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Мугалимдер жана мектеп психологдору инклюзивдик билим берүүнүн жаңы ыкмаларын үйрөнөт

Билим 0

Бишкек, 09.01.20. /Кабар/. Мугалимдер жана мектеп психологдору TouchMath деп аталган математиканы окутуунун алдыңкы ыкмаларын үйрөнө алышат. Бул инклюзивдик билим берүү боюнча эл аралык стандарттарга шайкеш келген ыкма. Методиканы И.Арабаев атындагы Кыргыз улуттук университетинин психологиялык-клиникалык лабораториясында өздөштүрүүгө болот. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

TouchMath математиканы үйрөнүүдөгү көйгөйлөрдү аныктоого мүмкүндүк берет. Анын жардамында коррекциялык программаларды түзүүгө, катардагы балдарды да, өзгөчө муктаждыгы бар балдарды да окутууга болот.

Мындан сырткары Кыргызстанга Майло гуманоид роботу (Robots4Autism) алып келинди. Ал окуучулардын социалдык, жүрүм-турум, шык-жөндөмдөрүн жакшыртып, академиялык же социалдык ийгиликке өтө керек делген өзүнө болгон ишенимин арттырууга жардам берет. Роботту Кыргызстанга алып келип, орусчалоого Евробиримдик жардам берген.

Майло балдарды окутуп эле тим болбой, маалымат чогултат. Ал маалыматты мугалимдер жана психологдор бала эмнеден кыйналганын аныктоого, жеке окуу программаларын түзүүгө, алынган шык-жөндөмдөрдүн канчалык ийгиликтүү ишке ашып жатканын байкоого колдонушат.

Бул методика менен окутуу мүмкүнчүлүгү чектелүү балдардын академиялык, социалдык, жүрүм-турум шык-көндүмдөрүн жогорулатууга өбөлгө түзөт.

Пикир

Оставить комментарий