• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Билим берүү министри Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы кеңсесинин башчысы менен жолукту

Билим 0

Бишкек, 17.11.23. /Кабар/. Күн мурун билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы кеңсесинин башчысы Навид Хасан Накви менен жолугуп, жогорку билим берүүнү колдоо боюнча биринчи “Жогорку билим берүүнүн сапаты жана инновациялар” долбоорун ишке ашыруу планын талкуулады.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда министр Догдуркүл Кендирбаева долбоорду ишке ашыруу үчүн өзгөчө макамдагы беш жогорку окуу жайга аймактардан 7ден мектептер бөлүнүп берилгенин билдирди.

Министрдин айтымында, жогорку окуу жайлар окуучуларды кесипке багыттоо, санарип технологиялар, так илимдер боюнча өнүктүрүүчүлүк курстарды уюштуруп, тажрыйба бөлүшүп, устаттык милдетти аткарышат.

Мындан сырткары, тараптар Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен министрлик тарабынан ишке ашырылып жаткан “Келечек үчүн билим берүү” жана “Окутуунун негиздерин бекемдөө” долбоорлорун талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий