• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Билим берүү министрлигинин коллегиясынын кеңейтилген жыйыны өттү

Билим 0

Бишкек, 26.02.22 /Кабар/. Кечээ, 25-февралда КР Билим берүү жана илим министрлигинин коллегиясынын кеңейтилген жыйыны өттү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ага КР Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымы Динара Ашимова, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, ошондой эле министрликтин жана анын түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилери катышышты.

Жыйында министр Алмазбек Бейшеналиев Билим берүү жана илим министрлигинин 2021-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы менен тааныштырып, 2022-жылга белгиленген максат-милдеттери тууралуу сөз кылды.

А.Бейшеналиев өткөн жылдагы кырдаалды талдап чыгып, министрлик өз күчүн КРны 2040-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында белгиленген милдеттерди, Кыргызстанда 2040-жылга чейин билим берүүнү өнүктүрүү программасын жана 2021-2023-жылдарга тиешелүү иш-чаралар планын ишке ашырууга багыттаганын билдирди.

Министр ошондой эле 2022-жылга түзүмдүк бөлүктөрдүн милдеттерин белгиледи. Анын белгилешинче, башкаруу деңгээлинде:

- тиешелүү жоопкерчиликти контролдоо менен чечимдерди кабыл алуу боюнча иш-чаралардын натыйжалуулугуна мониторинг жана баа берүү (башкача айтканда, кабыл алынган чечимдердин, пландардын аткарылышы үчүн жетекчилердин жеке жоопкерчилигин, өз убагында жана сапаттуу аткарылышына көзөмөлдү күчөтүү);

- республиканын мугалимдерин колдоону стимулдаштыруу максатында билим берүү системасындагы кызматкерлердин эмгек акысын жогорулатуу;

- билим берүүнүн сапаты деңгээлинде:

- мектеп окуучуларын PISA эл аралык изилдөөсүнө катышууга даярдоо жана окууга даярдоого методикалык колдоо көрсөтүү;

- билим берүү чөйрөсүндөгү алдыңкы тажрыйбаларды, анын ичинде инновациялык билим берүү программаларын жана моделдерин, эффективдүү методдорун жана технологияларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, көп тилдүү чөйрөнү долбоорлоо, балдарды физикалык, руханий жана адеп-ахлактык жактан тарбиялоо үчүн шарттарды түзүү зарыл.

"Биздин бардык күч-аракетибиз негизги артыкчылыктарга: жеткиликтүүлүк, сапат, натыйжалуу башкаруу жана каржылоого багытталышы керек!» – деп сөзүн жыйынтыктады Бейшеналиев.

Пикир

Оставить комментарий