• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Түштүк Кореянын Ханбат университети Кыргызстан менен кызматташууга кызыкдар

Билим 0

Бишкек, 07.07.22. /Кабар/. Билим берүү жана илим министринин орун басары Уланбек Мамбетакунов Түштүк Кореянын Ханбат мамлекеттик университетинин ректору, профессор Чой (Choi Byoung Wook), ушул эле окуу жайдын тышкы байланыштар бөлүмүнүн башчысы, профессор Квон (Kwon Ki Seok) менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Ошондой эле жолугушууга Билим берүү жана илим министрлигинин Эл аралык кызматташуу жана өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү башкармалыгынын башчысы Айзада Апышева, Бишкек мамлекеттик университетинин (БМУ) ректору Абдылда Мусаев, Ош мамлекеттик университетинин (ОшМУ) ректору Кудайберди Кожобеков ж.б. жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү катышты.

Түштүк Кореянын Ханбат мамлекеттик университетинин ректору, профессор Чой Кыргызстандын жогорку окуу жайлары менен илимий-изилдөө борборлорун өнүктүрүү боюнча кызматташууга кызыкдар экендигин билдирди.

“Биздин окуу жайда 40ка жакын илимий-изилдөө борборлору бар. Ушул борборлордун жардамы менен бизде технология өнүгүп, фирмалар курулуп жатат. Биздин илимий борборлор жүргүзүп жаткан иштердин баары Кыргызстанда дагы болуусун каалайт элек. Ал үчүн жогорку окуу жайлары арасында кызматташуу иштерин жүргүзүшүбүз керек. Кыргызстанда айыл чарба тармагы абдан жакшы өнүккөн экен, бирок илимий тармак жетиштүү деңгээлде эмес. Биз Кыргызстанда илимий-изилдөөнүн мындан дагы жакшы өнүгүшүн каалайбыз”, - деди Ханбат мамлекеттик университетинин ректору.

Ал эми билим берүү министринин орун басары Уланбек Мамбетакунов илимий-изилдөө борборлорун өнүктүрүүдө бир эле студенттер менен чектелбестен кызматкерлердин, окутуучулардын тажрыйба алмашуу программаларын уюштуруу боюнча иштерди жүргүзсөк болот деген оюн билдирди.

Буга чейин Ханбат мамлекеттик университети менен Ош мамлекеттик университетинин ортосунда 5 студентке акысыз билим берүү боюнча келишим болгон. Бүгүнкү жолугушуунун жүрүшүндө аталган келишимди 10 студентке көбөйтүү боюнча меморандумга кол коюлду.

Белгилей кетсек, учурда Ханбат мамлекеттик университетинде 20дан ашуун кыргызстандык студент билим алат.

Пикир

Оставить комментарий