• 88.68
  • 95
  • 0.95

Тынчтык корпусунун Кыргызстандагы ыктыярчыларынын санын көбөйтүү маселеси талкууланды

Билим 0

Бишкек, 24.01.24. /Кабар/. Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Тынчтык корпусунун Кыргызстандагы директору Хойт Брайан Йии менен жолугушшту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушууда тараптар министрлик менен Тынчтык корпусунун кызматташтыгын бекемдөөнүн жолдорун, өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюуну жана ыктыярчылардын санын көбөйтүү маселелерин талкуулашты.

Министр Догдуркүл Кендирбаева Тынчтык корпусунун ыктыярчыларына кызматташтыгы үчүн ыраазычылык билдирип, мектептерде англис тилин өнүктүрүү үчүн Тынчтык корпусунун ыктыярчыларына муктажбыз деди.

“Кыргыз-англис тилиндеги окуу китептерин иштеп чыгууга, STEM предметтерин англис тилинде окутууга жана видео сабактарды даярдоодо ыктыярчылардын активдүү салым кошушуна тилектешпиз”, – деп билдирди министр Кендирбаева.

Директор Хойт Брайан Йии Тынчтык корпусунун ыктыярчылары Кыргызстандын мектептери менен кызматташууга кызыкдар экенин айтып, учурда 35 ыктыярчы Кыргызстанда ыктыярчы катары иштеп жатканын белгиледи.


Маалымат үчүн: Тынчтык Корпусунун ыктыярчылары Кыргыз Республикасында 1992-жылы кол коюлган макулдашуунун негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чакыруусу боюнча иштешет.

2023-жылдын 13-июнунда Кыргызстанга АКШнын Тынчтык Корпусунун 26 ыктыярчысы келген. Ыктыярчылар Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Талас, Ош жана Чүй облустарындагы орто мектептерде иштешүүдө.

Пикир

Оставить комментарий