• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ысык-Көл электр тармактары ишканасына жаңы атайын техника тапшырылды

Аймак 0

Бишкек, 24.01.24. /Кабар/. Ысык-Көл электр тармактары ишканасына жаңы атайын техника тапшырылды.

Ишканадан маалымдашкандай, 2 кран-манипулятор жана 1 экскаватор Балыкчы райондук электр тармактары жана механикалык унаа кызматынын ишине жардам көрсөтөт.

"Жаңы техника калкты үзгүлтүксүз жана сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн кызматкерлерге кошумча шарт болуп, тейлөөнүн сапатын жакшыртат жана күз-кыш мезгилине өз убагында жакшы даярданууга өбөлгө түзөт", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, буга чейин Ысык-Көл электр тармактары ишканасына 2 экскаватор, 1 кран-манипулятор, 5 бригадалык унаа келген, жалпы 2023-жылдын эсебинен 11 техника келди.

Ишканада автопарктын 60% эскилиги жеткен техникалар түзөт. Бирок жылдан-жылга жаңы унаалар алынып, техникага болгон муктаждыктар чечиле баштады.

Пикир

Оставить комментарий