• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө программаны ишке ашыруу боюнча “Жол карта” бекитилди

Өкмөт 0

Бишкек, 24.01.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2023–2027-жылдарга улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө улуттук программаны ишке ашыруу боюнча “Жол картаны” бекитүү тууралуу токтомго кол койду.

Аталган токтомдун максаты президенттин 2022-жылдын 30-августундагы № 303 Жарлыгы менен бекитилген 2022-2027-жылдарга улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө улуттук программаны ишке ашыруу болуп саналат.

Бекитилген жол картасында, улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү боюнча 2023-2027-жылдары жасала турган иш чаралардын планы каралган.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет

Пикир

Оставить комментарий