• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Министрлер кабинетинин башчысы Жалал-Абаддын Тогуз-Торо районунун активи менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 10.11.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жалал-Абад облусуна жумушчу сапарынын алкагында Тогуз-Торо районунун жергиликтүү активи менен жолугушту.

Министрлер Кабинетинин башчысы белгилегендей, жаңы жолдор райондун жана жалпы эле өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

«Эми райондун инфраструктурасын жаңыртууну баштоо керек. Жаңы жолдорго жана инфраструктуралык объектилерге аяр мамиле жасоо зарыл. Кытай инвесторлору биз менен иштөөгө даяр. Эгерде биз инвесторлор менен иш алып бара алсак, өлкөгө мындан да көп инвестиция тарта алабыз», - деди ал.

Акылбек Жапаров ошондой эле министрлер Ккабинетинин ишиндеги артыкчылыктуу багыттарга токтолду.

Жолугушуунун катышуучулары тарабынан Тогуз-Торо районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө тийиштүү суроолор көтөрүлдү.

Министрлер кабинетинин төрагасы дагы бир ирет Кыргыз Республикасынын президентинин «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын так аткаруу зарылдыгы тууралуу эске салды.

«Кечээ президенттин Жарлыгынын аткарылышын бузган жактар жоопкерчиликке тартылды. Алар үгүт кампаниясына кийлигишкен. Бул адамдар бир топ жыл кызматта иштеп жүрүп, бир учурда андан айрылышты. Биз алдыдагы шайлоону ачык-айкын, мыйзамды бузбастан өткөрүүбүз зарыл», - деди министрлер кабинетинин башчысы.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча Акылбек Жапаров жергиликтүү бийлик органдарына инвесторлор тараптан жергиликтүү калк үчүн социалдык долбоорлордун ишке ашырылышын тездетүүнү тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий