• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Могерини: Кыргызстан Өкмөтүнүн демилгелери чечкиндүү жана алыска багытталган

Өкмөт 0

Бишкек, 10.11.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков Европа биримдигинин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча Жогорку өкүлү Федерика Могерини менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат бөлүмү билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери талкууланды.

Сапар Исаков белгилегендей, кыргыз тарап ЕБ менен мамилелерди өнүктүрүүгө өзгөчө маани берет.

Өкмөт башчы белгилегендей, үстүбүздөгү жылдын 15-октябрында өлкөдө заманбап технологияларды жана жарандардын биометрикалык маалыматтарын пайдалануу менен президенттик шайлоо болуп өттү. Сапар Исаковдун айтымында, бул коомдогу демократиялык баалуулуктардын бекемдигин дагы бир ирет ырастап, демократияны чыңдоо жана шайлоолорду өткөрүүнү техникалык жактан өркүндөтүү багытындагы алдыга карай кадам болуп калды.

«Шайлоо процессиндеги ырааттуу жана натыйжалуу өзгөртүүлөрдүн жыйынтыгында Кыргызстандын жарандары жана эл аралык байкоочулар добуш берүүнүн алдын-ала жыйынтыктарын шайлоо тилкелери жабылгандан кийин жарым сааттан соң көрүүгө мүмкүндүк алды», — деп белгиледи Сапар Исаков.

Премьер-министр атамекендик шайлоо тутуму шайлоочулардын эркин билдирүү укугун айныксыз камсыздоо менен Борбор Азиядагы өлкөлөр үчүн уникалдуу мисал болгондугун өзгөчө белгилеп өттү.

Мындан тышкары, Өкмөт башчы белгилегендей, өткөн жылы орун алган конституциялык реформа өлкөдө тең салмактуулук тутумун түзүүгө, Өкмөттүн жана Парламенттин ролун күчөтүүгө жана өлкөнүн бийлик бутактары ортосундагы балансты жакшыртууга мүмкүндүк берди.

Өкмөт башчы билдиргендей, бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасы жана Европа биримдигине мүчө-мамлекеттер ортосундагы эки тараптуу соода көлөмүн жогорулатуу зарыл.

Мындан тышкары Сапар Исаков өлкөлөр колдо болгон, анын ичинде Кыргызстанга берилген жалпы жеңилдиктер тутумунун (ВСП+) алкагындагы мүмкүнчүлүктөрдү толугу менен пайдаланбай жаткандыгын белгиледи.

«Экспортту ЕБ өлкөлөрүнө мындан ары карай жөнөтүү үчүн кичи жана орто бизнеске, ишкерлерге сертификатташтыруу, техникалык жөнгө салуу, кошумча наркты жогорулатуу, ошондой эле өндүрүлгөн продукция көлөмүн жогорулатуу маселелеринде ар тараптуу көмөк берүү зарыл», — деди Сапар Исаков.

Буга катар Премьер-министр Европа биримдигине «Таза Коом» долбооруна кызыгуусу үчүн ыраазычылык айтып, өлкөнүн Өкмөтү аны ишке ашырууда ЕБ көмөктөшүүсүнө ниеттенгендигин билдирди.

«Мамлекетти санариптик трансформациялоо долбоору бардык тармактарды камтыйт. «Таза Коом» административдик процесстерди автоматташтыруу, санариптик мамлекеттик тейлөөлөрдү көрсөтүү менен адамдык фактордун таасирин төмөндөтүү жолу аркылуу мамлекеттик сектордогу коррупцияга каршы күрөштүн натыйжалуу превентивдик куралы болуп калат», — деди Сапар Исаков.

Ошондой эле Премьер-министр «Жаңы доорго — кырк кадам» өкмөттүк программасынын негизги багыттары тууралуу маалымдады, анын айтымында, ал өлкөнүн жакынкы 5 жылдыктагы натыйжалуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыздайт.

Сапар Исаков билдиргендей, Өкмөттүн жана өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөрдүн күч-аракети үч маанилүү компонентти: «Таза Коом» санариптик трансформациялоо программасын, ичүүчү таза сууга жеткиликтүүлүктү камсыздоо боюнча «Таза суу» долбоорун жана жаңы сугат жерлерди киргизүү боюнча «Ирригацияны өнүктүрүү» долбоорун ишке ашырууга багытталат.

ЕБ тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча Жогорку өкүлү Федерика Могерини Сапар Исаковду Премьер-министрдин кызматына дайындалышы менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин өлкөгө чакыруусу үчүн ыраазычылык билдирди.

«Кыргызстан Өкмөтүнүн демилгелери абдан маанилүү болуп саналат. Алар чечкиндүү жана алыска багытталган», — деди жолугушуу учурунда Федерика Могерини.

Федерика Могерини белгилегендей, Европа биримдиги Өкмөттүн өлкө экономикасын өнүктүрүүгө багытталган чаралар жыйындысын ишке ашыруу боюнча аракеттерин колдоого алат.

Мындан тышкары, ал Кыргызстан тарабынан жеңилдиктер тутумун пайдалануу алкагында эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн мааанилүүлүгүн белгиледи.

Жолугушууда тараптар аталган макамды пайдалануу натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча атамекендик адистерди окутуу мүмкүндүгү тууралуу пикир алмашты.

Федерика Могерини ошондой эле Европа биримдиги ЕБ менен Кыргызстандын тереңдетилген кызматташтыгы жана өнөктөштүгү жөнүндө жаңы келишим түзүү боюнча сүйлөшүү процесстерин жакынкы арада баштоого даярдыгын билдирди.

Муну менен катар укук үстөмдүгү, сот тутуму, билим берүү жана айыл чарба жаатында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу келечеги талкууланды.

ЕБ тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча Жогорку өкүлү Федерика Могерини Европа биримдиги өлкөнүн Өкмөтүнүн жагымдуу башталыштарын колдоого алууга даяр жана мындан ары кызматташууга ар дайым ачык экендигин баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий