• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өкмөттүн Чүй облусундагы жаңы өкүлү дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 10.11.17 /Салтанат Абдраева - Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков кол койгон буйрукка ылайык, Карагулов Улан Айтбекович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Ал буга чейин Кемин районунун акими болуп келген.

Ал эми Кудайбергенов Бактыбек Жапарович өзүнүн берген арызына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду.

Пикир

Оставить комментарий