• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бир күндө 21 мас айдоочу кармалды. Бишкекте "рулда" аталышындагы рейд өттү

Укук тартиби 0

Бишкек, 24.02.22. /Кабар/. Бишкекте "рулда" аталышындагы рейддин жүрүшүндө бир күндө 1 миң 187 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, рейд Мекен коргоочулардын күнүнө карата коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, ошондой эле ар кандай укук бузуулардын алдын алуу максатында өткөрүлгөн.

Алардын ичинен;

- унаа башкарууда тийиштүү документтери жок айдоо - 10;

- мас абалында унаа башкаруу - 21;

- автоунаанын алдыңкы жана каптал терезелерин атайын караңгылатып айдоо - 1;

- унаа башкарууда коопсуздук курун тагынбай айдоо - 312

- башка жол эрежелерин бузуулар - 844. Ал эми ар кандай жол эрежесин бузган 90 автоунаа айып короосуна токтотулган.

Бишкек ШИИББ боюнча Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы айдоочуларды жол эрежелерин так сактоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий