• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бир жуманын ичинде Чүй облусунда 5 миңге жакын жол эрежесин бузуу катталган

Укук тартиби 0

Бишкек, 29.10.18 /Кабар/. Чүй облусу боюнча 22нен 28-октябрга чейин облустун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыгы (ЖКККББ) тарабынан 4 миң 745 жол эрежесин бузуу катталган. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы кабарлайт.

Алардын ичинен 38 айдоочу унааны мас абалында башкарган, терезелери караңгылатылган унаа каражаттарын башкаруу – 8, документтери жок унаа башкаруу - 74, жогорку ылдамдыкта айдоо - 1 миң 24. Атайын айып унаа токтотуучу жайына 98 унаа токтотулган.

Пикир

Оставить комментарий