• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бир жуманын ичинде Чүй облусунда 50 айдоочу мас абалында кармалган

Укук тартиби 0

Бишкек, 26.11.18. /Кабар/. Өткөн аптада – 19нен 25-ноябрь күндөрү Чүй облусунда 50 айдоочу мас абалында кармалган. Жалпы 4 миң 260 жол эрежесин бузуу катталган. Бул тууралуу Чүй облусунун жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 754 айдоочу ылдамдык эрежелерин сактабай, 60 айдоочу документи жок, бешөө унаасын караңгылатылган айнек менен айдап жүргөн. 126 унаа атайын айып унаа токтотуучу жайына токтотулган.

Чүй облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы айдоочуларды жол эрежесин сактоону өтүнөт.

Пикир

Оставить комментарий