• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Казакстанга башка бирөөнүн паспорту менен өтүүгө аракет кылган КР жараны кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 26.11.18. /Кабар/. “Чалдыбар-унаа жолу” өткөрүү пунктунда чек арачылар тарабынан башка бирөөнүн паспорту менен Кыргызстандын жараны кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, текшерүүдөн өтүп жаткан адам 1976-жылы төрөлгөн А.А. аттуу КР жаранынын паспортун көрсөткөн. Чек арачылар андан шек санап, тыкыр текшерүүнүн натыйжасында жаран эгизинин паспортун колдонгондугу аныкталган.

Сурак учурунда кармалган У.А. өзүнө Кыргызстандан сыртка чыгууга чектөө коюлгандыгы үчүн Казакстанга тууганынын паспорту менен өтүүгө аракет кылгандыгын мойнуна алган.

Кармалган жаран Ички иштер министрлигинин аймактык бөлүгүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий