• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте бир жумада 4,5 миңден ашуун жол эрежелерин бузуу фактысы катталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 10.05.21. /Кабар/. 2021-жылдын 30-апрелинен 6-майга чейин Бишкек шаарынын аймагында 4 миң 579 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

- мас абалында автоунаа башкаруу - 32;

- автоунаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдоо - 9;

- айдоочулук кубөлүгү жок авто унаа башкаруу - 45;

- “Коопсуз шаар” долбоору боюнча төлөнбөгөн айып пулдары бар авто унаалар - 34;

- башка жол эрежелерин бузуулар - 4 459.

Кайгуул кызматынан кошумчалашкандай, ар кандай эреже бузган 363 автоунаа айып короо жайына токтотулду.

Милициянын кайгуул кызматы жол эрежесин так сактоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий