• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ала-Букада чек ара отрядынан качып кеткен аскер кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 11.06.19. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Ала-Бука чек ара бөлүгүн өз алдынча таштап качып кеткен аскер кызматкери кармалды. Ала-Бука районунан кармалган аскер кызматкери аскер бөлүккө жеткирилген, - деп билдирет КР Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ММК менен байланыш бөлүмү.

Учурда бул окуя боюнча аскер прокуратурасына жана тийиштүү органдарга атайын кайрылуу жөнөтүлгөн.

“Учурда аскердин өз билемдик менен бөлүмдү таштап кеткендигинин себептери иликтенүүдө”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий