• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Баткенде бажычылар 2,4 млн сомдук контрабандалык товарды кармашты

Укук тартиби 0

Бишкек, 02.03.22. /Кабар/. “Баткен” бажысынын кызматкерлери жалпы баасы 2 млн 430 миң сомдук контарбандалык товарды кармашты, - деп билдирет Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, ЕАЭБ бажы чек арасы аркылуу товарларды жана транспорт каражаттарды мыйзамсыз өткөрүү фактыларына бөгөт коюу жана аныктоо боюнча иш-чаралардын жүрүшүндө Баткен районунун ӨМИ боюнча ЖКККБнын кызматкерлери менен биргеликте “Баткен” бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Баткен районунун Чоң-Талаа айылына жакын КР жараны “М.А.К.” башкаруусунда “SAMRO SR” үлгүсүндө автотранспорт каражаты токтотулган.

Унааны текшерүү учурунда жалпы салмагы 24 миң 300 кг желим баштыктарда компот аралашмасы табылган. Жүк ЕАЭБдин бажы мыйзамдарын бузуу менен коңшу мамлекеттен ташылып келген. Товардын жалпы баасы 2 млн 430 миң сомду түзгөн.

Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар ведомстволугуна караштуулугу боюнча Баткен облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий