• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

1,5 сомдун ордуна 150 сомдук бахилалар. Башкы прокуратура мамлекетке 5 млн сом зыян келтирилгендигин аныктады

Укук тартиби 0

Бишкек, 02.02.21. /Кабар/.Башкы прокуратура тарабынан Саламаттык сактоо министрлигинде жүргүзүлгөн текшерүүнүн алкагында жеке коргонуучу каражаттарды сатып алууда бир катар мыйзам бузуучулуктарга жол берилгендиги аныкталды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Алсак, 2020-жылдын 6-майында Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Ооруларды алдын-алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиялогияга көзөмөл жүргүзүү Департаментинин комиссиясы мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү мыйзамынын талаптарын одоно түрдө бузушуп, жеке коргоонуучу заттар (комбенизон, медициналык ко кап, бахила) менен жабдууга эң төмөнкү бааларды сунуш кылышкан жеткирүүчүлөрдүн коммерциялык сунуштарын негизсиз четке кагышып, жогорулатылган бааны сунуш кылган «Ф» ЖЧКсы менен түз ыкмасы аркылуу келишим түзүүнү сунушташкан.

Ошондуктан, «Ф» ЖЧКсы коммерциялык сунуштардын шарттарын жана келишимдин талаптарын одоно түрдө бузушуп нитриловый кол каптардын ордуна техникалык спецификацияга дал келбеген 101 миң 330 даана латекстен жасалган кол каптарды жана 150 миң даана 1,5 сомдук бахилалардын ордуна 1 миң 500 даана 150 сомдук бахилаларды алып келишкен.

Натыйжада Саламаттык сактоо министрлигинин жана анын алдындагы Ооруларды алдын-алуу жана Мамлекеттик санитардык-эпидемиялогиялык көзөмөл жүргүзүү департаментинин кызмат адамдарынын мыйзамсыз иш-аракеттеринин кесепетинен улам мамлекетке 5 млн 175 миң 200 сомдук материалдык зыян келтирилгендиги аныкталды.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен чогултулган материалдар боюнча ар тараптуу жана объективдүү баа берүү үчүн КР ЖКнын 320 (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 322-беренелери (Билип туруп пайдасыз контракт түзүү) менен КЖБРге катталып, сотко чейинки өндүрүш ишин жүргүзүү жагы караштуулугу боюнча тийиштүү тергөө органдарына жиберилди.

Пикир

Оставить комментарий