• 88.68
  • 95
  • 0.95

Панфилов районунда дээрлик 50 баш кой уурдаган шектүү жарандар кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 15.02.21. /Кабар/. Чүй облусунун Панфилов районунда дээрлик 50 баш кой уурдаган шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 8-октябрь күнү Панфилов РИИБине арыз менен жергиликтүү жаран кайрылып, 8-октябрь күнүнө караган түнү анын сарайына белгисиз адамдар келип, мал караган адамдарына күч колдонуп, коркутуп сарайдан 49 баш коюн уурдап кеткендигин билдирген.

Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Жазык кодексинин 201-беренеси (Тоноо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Бул кылмыштын бетин ачуу максатында Чүй ОИИББнын жана Панфилов РИИБнин криминалдык милиция кызматы тарабынан бир топ ыкчам издөө иш-аракеттери жүргүзүлгөн.

Натыйжада бул кылмышка шектүү делип үч жаран кармалды, алар 31 жаштагы Б.Н., С.А., жана ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турган 38 жаштагы К.З. болгон.

Учурда кармалган адамдар тергөө кызматына жеткирилди.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Белгилей кетсек, ушул жылдын февраль айында өлкөдөгү жалпыга маалымдоо каражаттарына Панфилов районунун жашоочусунун видео кайрылусуу чыккан. Ал кайрылуусунда белгисиз адамдар тарабынан тоноо жолу менен бир нече кою уурдалганын айтып, милиция тарабынан эч кандай аракеттер көрүлбөгөндүгүн айтып, нааразычылыгын билдирген.

"Социалдык тармактарда таралган видео материалдагы кайрылган жарандын ой-пикири боюнча милиция кызматкерлери иштебей жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт. Анткени, милиция кызматкерлери тарабынан бул кылмыш катталгандан баштап бардык ыкчам иш-аракеттер жүргүзүлгөн, тергөөнүн кызыкчылыгына байланыштуу бардык маалыматтар берилген эмес", - деп айтылат облустук милициянын билдирүүсүндө.

Пикир

Оставить комментарий