• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ИИМ: Биринчи май райондук күзөт бөлүмүнүн имараты дезинфекцияланды

Коом 0

Бишкек, 14.04.20. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик күзөт кызматы башкы башкармалыгынын (МАККББ) Биринчи май райондук күзөт бөлүмү туруктуу негизде коронавирустун алдын алуу жана жайылышына бөгөт коюу максатында административдик имараттын бөлмөлөрүн, сырткы аймагын, кызматтык автоунаа каражаттарын дезинфекциялоодо. Бул тууралуу ИИМдин МАККББнын басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, өлкөнүн айрым аймактарында, анын ичинде Бишкек шаарында киргизилген өзгөчө абалр ежиминин алкагында, ИИМдин Мамлекеттик күзөт кызматы башкы башкармалыгынын өздүк курамы коомдук коопсуздукту, укук тартипти камсыздоого, мындан сырткары, жашоо тиричиликти камсыздоочу маанилүү, өзгөчө маанилүү жана стратегиялык мекеме-чарбалардын күчөтүлгөн тартипте кайтаруусун камсыздоодо. Кызматкерлердин бардыгы жеке коргонуу каражаттары менен камсыз болгон.

Пикир

Оставить комментарий