• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкек – Кара-Балта жолунун ар чакырымынын курулушуна 1,6 млн сом жумшалат

Коом 0

Бишкек, 26.02.19 /Кабар/. Бишкек – Кара-Балта автожолунун ар чакырымынын курулушуна болжол менен 1 млн 600 миӊ сом жумшалат. Бул тууралуу Транспорт жана жол министри Жанат Бейшенов билдирди.

Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети автомобиль жолдорунун абалы, жолдорду реконструкциялоо жана куруу боюнча ратификацияланган мыйзамдардын ишке ашырылышы тууралуу маселени карады.

Жыйын учурунда депутат Тынчтыкбек Конушбаев Бишкек – Кара-Балта жолунун курулушу качан аяктай турганына жана ал азыр эмне себептен токтоп турганына кызыкты. Анын пикиринде, кыштын аякташын күтпөй эле, жол нугун даярдоо иштерин жүргүзө берсе болмок.

Министр Бейшенов техникалык талаптарга ылайык кыш мезгилинде жол курууга болбойт.

«Алдын ала түзүлгөн графикке ылайык, бул жолдун курулушу 2020-жылдын күз мезгилинде аяктайт», - деген жообун министр ал.

Пикир

Оставить комментарий