• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкек менен Ошто өзбек киноматографиясынын тарыхындагы эң кымбат тасма көрсөтүлөт

Маданият 0

Бишкек, 28.09.17. /Тумара Туратбекова – Кабар/. Кыргызстандагы өзбек маданият күндөрүнүн алкагында “Ойкыз эртаги” фантастикалык-тасмасы көрсөтүлөт. Бул тууралуу Kyrgyz Cinema кабарлайт.

“Ай кыз тууралуу жомок” тасмасы Бишкек менен Ошто 6-7-октябрда “Октябрь” жана “Семетей” кинотеатрларында көрсөтүлөт.

Маалыматка ылайык, картина өзбек киноматографиясынын тарыхындагы эң кымбат тасма болуп саналат, бюджети 1,6 миллиард сумду түзгөн.

Өзбекстандын Кыргызстандагы маданият күндөрү 2017-жылдын 6-7-октябрында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий