• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

“Алтын комуз” байгесинин негиздөөчүсү Ниязбек Айбашевге ТҮРКСОЙдун сыйлыгы тапшырылды

Маданият 0

Бишкек, 02.09.22. /Кабар/. “Алтын комуз” байгесинин негиздөөчүсү Ниязбек Айбашевге ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун жогорку даражадагы сыйлыгы ыйгарылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.

Сыйлыкты маданият министри Азамат Жаманкулов тапшырып, Айбашевге бекем ден соолук жана иштерине ийгилик каалады.

Анда ТҮРКСОЙ эл аралык уюму Ниязбек Айбашевдин маданият жаатына кошуп жаткан салымын жана өнөр адамдарына шык берип, аларды колдоого алып жатышы өзгөчө алкоого арзый турганын белгилеген.

Ниязбек Айбашев Кыргыз Республикасынын маданиятына салым кошуу, төкмө акындарга жана жаштарга мотивация берүү максатында 2014-жылдан бери “Алтын комуз” байгесин негиздеп, “Ак тандай” коомдук фондунун жетекчиси Кыргыз Республикасыны эмгек сиңирген артисти” Абдибали Бурканович Акимбековдун бирге иштеп келет.

Мындай аракеттер аркылуу 2015-жылы биринчи жолу Ош шаарында 50 жакын акындын катышуусунда ак тандайлардын айтышын уюштуруп, алгачкы жолу баш байгеге “Алтын комуз” байгеси коюлган. Жеңүүчүсү Кыргыз Республикасынын эл акыны Рахматтула Козукеев ээ болсо, экинчи “Алтын комузду” 2021-жылы Ош шаарындагы Улуттук тарых музейине, ошондой эле, ак таңдайлардын айтышында Баян Акматов тапшырылган.

Ал эми, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин жана КР эл артисти Түгөлбай Казаковдун демилгеси менен августта Улуттук тарых музейине тапшырылса, андан соң, “Алтын комуз” байгесин Бишкек шаарындагы “Ынтымак” сейил багында өткөн ак тандайлардын айтышында төкмө акын Жылдызбек Торокановго тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий