• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкек мэри Венгриянын Кыргызстандагы элчиси менен кызматташтыкты талкуулады

Коом 0

Бишкек, 14.04.22. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров Венгриянын Кыргызстандагы элчиси Шандор Дороги менен жолугушту. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушууда тараптар шаар турмушу, билим берүү жана илим жаатында тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүгү, ошондой эле Будапешт менен Бишкек шаарларынын ортосунда бир тууган шаар мамилелерин түзүү маселеси талкуулады.

Өз кезегинде, борбор калаанын мэри баарлашуу үчүн ыраазычылыгын айтып, мындан аркы өз ара пайдалуу кызматташууга ишеним билдирди.

Пикир

Оставить комментарий