• 88.68
  • 95
  • 0.95

Тышкы жарыктандыруу. Бишкекте бир жумада 109 чырак алмаштырылды

Коом 0

Бишкек, 14.02.23. /Кабар/. Бишкекте тышкы жарыктандыруу иштери уланууда. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, “Бишкекжарык” муниципалдык ишканасы бир жумада 109 чырак алмаштырды.

Биринчи май районунун Турусбеков, Комунаров, Араван, Нарвская, Күрөңкеев, Орозбеков, Айдаралиев, Оренбург, Абай, Сухомлинов, Исанов, Жаманбаев, Токтоналиев, Профсоюз, Кулиев, Карай, Долон көчөлөрүндө жрыктандыруу иштери жүргүзүлдү.

Ошондой эле Ленин районунун аймагындагы Ак-Ордо конушундагы Тагай-Бий, Мээрим жана Какен-Ата көчөлөрүндө 50 Вт кубаттуулуктагы 21 даана чырак орнотулуп, кабелдик монтаж иштери жүргүзүлдү. Арча-Бешик конушунда да жарыктандыруу иштери жүрүп, Чортеков көчөсүндөгү 150 Вт кубаттуулуктагы 23 лампа алмаштырылды.

Ал эми Свердлов районунда чыгыш автобекетинин аймагына 100 Вт кубаттуулуктагы 20 чырак орнотулду. Охотный, Гоголь, Фирсов, Пролетарская, Боталиев, Орозбеков, Герцен көчөлөрүндө жарыктанlыруу иштери жүргүзүлдү.

Октябрь районундагы Сүйөркулов, Кийизбаев, Төкөлдөш, Армия, Матросов, Анкара көчөлөрүндө оңдоо-калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат.

"Эгерде сиздин көчөдө капыстан караңгы болуп калса, ишкананын авариялык-диспетчердик кызматы ар дайым кызматта: (0312) 46-30-89, 57-63-51, WhatsApp: 0777 902-115", - деп белгилешти мэриядан.

Пикир

Оставить комментарий