• 88.68
  • 95
  • 0.95

Түркияга жардам. Кыргызстандыктар жабыркагандарга дээрлик 14 млн сом чогултту

Коом 0

Бишкек, 14.02.23. /Кабар/. Бүгүн, 14-февраль саат 10:00гө карата жер титирөөдөн жабыркаган Түркиянын жарандары үчүн ачылган атайын эсепке 13 млн 962 603,7 сом жана 12 миң 550 рубль түштү. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Белгилүү болгондой, Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн КР Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгында атайын бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган.

Табигый кырсыктын кесепеттерин жоюуга жардам берүүнү каалагандар эсептин реквизиттерине сом, доллар, рубль жана евро валютасында каражат которо алышат.

Банк: "Айыл Банк" ААК

ИНН 01803199710084

БИК 135001

ОКПО 30597768

Эсептин номери: № 1350102119900169 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин транзиттик эсеби (Түркия Республикасына жардам)" (сом, рубль, АКШ доллары, евро)

Төлөм коду: 14411100 - "Учурдагы жардам";

Максаты: Түркия Республикасына ыктыярдуу жарандардан жана юридикалык жактардан жардам көрсөтүү.

Пикир

Оставить комментарий